Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Аба ырайы: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар


Бишкек-Ош жолу. Архив.
Бишкек-Ош жолу. Архив.

Кыргызгидромет агенттиги 7-9-февраль күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү болушу мүмкүн экенин эскертти. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

8-февралда түнкүсүн дээрлик бардык облустарда, жамгыр, кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр карга айланат. Жолдорго муз тоңот. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндуз 5...10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндуз -1...-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-27, күндүз -5...-10°;

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3°, кар жаайт, күндүз 3…5°, жамгыр жаайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG