Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Министрлик Кыргызстандын паспортун ортомчулардан албоого чакырды


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги чет элдик жарандарды Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн ортомчуларга алданып калбоого чакырды.

Министрликтин алдындагы Калкты каттоо департаменти ортомчулардын документ, маалымкаттарды ыкчам даярдоо тууралуу убадаларына ишенбей, жарандык маселелер боюнча паспорттук бөлүмдөргө кайрылууну эскертти.

Маалыматта акы алып, консультациялык кызмат көрсөткөн адамдар жарандык алып берүүдө эч кандай таасирин тийгизе албай турганы жазылган.

Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөгөндөр үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарандык алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеси жарыяланган. Эрежеге ылайык, керектүү документтер тапшырылган соң документтер Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан толтурулат. Андан кийин документтер топтому мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык алууда ортомчулардын катышуусу менен алдамчылык фактылары аныкталса, бардык документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин эскертти.

Бир нече күн мурда социалдык тармактарда "Кыргызстандын паспортун дүңүнөн жасайм" деген жарандын жарыясы пайда болгон. Ал жүздөн ашуун адамга үч ай ичинде кыргыз жарандыгын паспорту менен кошо алып берип, банктан эсеп ачууга да көмөктөшкөнүнө мактанган.

Укук коргоо кызматкерлери азырынча кыргыз жарандыгын убада кылган адамдарга көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат бере элек.

Былтыр президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен чет өлкөлүк 1704 киши кыргыз жарандыгын алган.

2022-жылы 6 316 адамга кыргыз жарандыгы берилген.

Президенттин жарлыгындагы маалыматтар былтыр август айынан бери жабык боло баштады. Ага чейин Кыргызстандын жарандыгын алгандардын да, чыккандардын да тизмеси жазылган жарлык ачык жарыяланып келген.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлык менен Орусияда таанымал болгон ондогон саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер Кыргызстандын жарандыгын алганын аныктаган.

Былтыр 26-мартта The Moscow Times басылмасы Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-декабрындагы №359 жарлыгы менен да Орусиянын бир катар белгилүү адамдарына кыргыз жарандыгы берилгенин жазган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG