Ошто жашы жете электерди сабаган өспүрүм кыздар кармалды

Жашы жете электерди сабап, телефонун тартып алууга шектелип кармалган өспүрүм кыздар. Милиция тараткан сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү жашы жетелек кыздын денесине жараат келтирип, телефонун тартып алууга шектелген кыздардын тобун кармады. Бул тууралуу 7-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 15-январда Ош шаарында жашаган 17 жаштагы кызды ага сырттан тааныш болгон 16 жаштагы үч кыз (Т.Д., А.Г., У.Ү.) үйүнөн чакырып чыгып, жеке маселелерге айыптап, уруп-сабашкан. Андан соң өспүрүм кыздын "Айфон 8" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Ош облусттук соттук-медициналык экспертизанын жабырлануучунун абалы боюнча 19-январда чыгарган корутундусунда жабырлануучу жеңил дене жаратын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Адамдардын тобу менен тоноо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргөн. Анын жүрүшүндө шектүү үч кыз кармалып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүлөрдүн бири Орусияда туулган, Орусия Федерациясынын жараны, Оштогу педагогикалык багытта билим берүүчү окуу жайынын 1-курсунун студенти экени такталды. Калган экөө Кыргызстандын жарандары, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда туулган. Алар Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде 1-курсунун студенттери. (ErN)

Дагы караңыз

Караколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылатКоомдук транспорттогу GPS-трекерин өчүрүп койгон айдоочуларга сөгүш берилди“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алындыУлуттук банк 2023-жылы 17 тоннадан ашык алтын саттыCPJ уюму Кыргызстанда 11 журналисттин камакта калтырылышын айыптады