Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:12

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

"Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынынын күн тартибинен алынды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

"Бүгүн "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун карашыбыз керек эле. Бирок эмнегедир кечээ аны күн тартибинен алышты. Балким, эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жаткандыр. Буга чейин бул мыйзам долбоору Евробиримдиктен грант күтүлүп жаткандыктан токтотулган. Аны (грантты) алгандан кийин мыйзам долбоорун кайра жылдыра башташкан, комитетте кабыл алынган", - деди Бекешев.

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе эмне үчүн күн тартибинен алынганынын чоо-жайы тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

23-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламенти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG