Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:43

Улуттук банк 2023-жылы 17 тоннадан ашык алтын сатты


Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 17 тонна 70 кг алтын сатып, ал операцияларынан 1 млрд 90 млн доллар каражат тапты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

“Алтынды тышкы рынокто сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине которулат. Эл аралык камдар, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн валюталык каражаттар Министрлер кабинетинин милдеттенмелерин аткарууга жана Улуттук банктын операцияларын жүргүзүү үчүн пайдаланылат”, – деп билдирди мекемеден.

Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында Швейцария, Түркия, Гонконг жана Италия Кыргызстандан жалпы көлөмү 20 тонна 616 кг алтын сатып алышкан. Алардын импорттук суммасы 1 млрд 321 млн доллардан ашкан.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет.

Мурдараак Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева “Биринчи радиого” курган атайын маегинде 2023-жылдын аягына карата мекеменин активиндеги алтындын көлөмү 48,04 тоннаны түзгөнүн маалымдаган. Ал башкы каржы көзөмөл мекемесинде 2023-жылдын башында 44,4 тонна алтын болгонун, жыл ичинде ага 3-4 тонна кошулганын тактаган.

Улуттук банк ага чейин, 2023-жылдын августундагы билдирүүсүндө алардын кампасында 49,8 тонна алтын бар экенин, анын 17,1 тоннасы эл аралык резервде, калганы жөн гана запас катары сакталып турганын маалымдаган.

2023-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 3 млрд 236,48 млн долларды түзгөн. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат. (KbA\ErN)

XS
SM
MD
LG