Жалал-Абадда ишкер Бакыт Борошовдун соту жылдырылды

Бакыт Борошов сот залында. 6-февраль, 2024-жыл.

6-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда 10 айдан бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошовдун иши боюнча соттук отурум болду. Ишкер жараянда “ага козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук” деп айтты. Сотко күбөлөр толук келбегендиктен отурум 15-февралга жылдырылды.

“Бул саясий иш. Коюлган беренелер жомок. Бир да далил жок. Иш боюнча эртели кеч баары бир акталам. Ошондуктан мен бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнөм”, - деди ал.

Бакыт Борошов 2023-жылы 25-октябрда үй камагына чыккан. Ошол эле күнү ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүм билемдик” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кайрадан кармалган.

Былтыр 18-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бакыт Борошовго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аймактагы бөлүмү, “Элдик” ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирген.

Ага чейин бул ишкананын темир-бетон заводун иштетүүдө 16 млн сомдон ашык чыгымды мамлекетке өндүрүү боюнча Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими чыккан. Мындан кийин ишкерге Жоруктар кодексинин “Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо” беренеси менен иш ачылган. Бул иш боюнча тергөө жүрүп, Жалал-Абад облустук соту аны актаган.

Ал кармалардан мурда бийликти сындаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана “башаламандыкты токтотууга” чакырган. (TB)

Дагы караңыз

Бишкек-Ош каттамы: Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталдыКазакстанда жаңы премьер-министр дайындалдыШаардык сот Капаров менен Асыпбековду камакта калтырдыИзраил Газадагы операциясынын жаңы этабын баштап жатканын билдирди Депутат Сарбагышев ЖЭБдеги аварияга туура эмес кадр саясаты себеп болгонун айттыУкраинада Орусиянын ракеталык чабуулунан эки айлык ымыркайдын өмүрү кыйылды Кыргызстанда УКМКнын академиясы ачылатУКМК: Кочкордогу базар ээси курал-жаракты мыйзамсыз сактаганСот 24.kg агенттигинин өтүнүчүн канааттандырган жокМадумаровдун иши боюнча 34 күбө суралды