Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

УКМК: Кочкордогу базар ээси курал-жаракты мыйзамсыз сактаган


Ишкердин үйүнөн табылган курал-жарак жана документтер. УКМКнын сүрөтү. 6-февраль, 2024-жыл.
Ишкердин үйүнөн табылган курал-жарак жана документтер. УКМКнын сүрөтү. 6-февраль, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кочкор районундагы "Болот" соода-базар комплексинин ээси курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү ("Алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 2-февраль күнү базардын ээси - Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Бнын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, МП-155 үлгүсүндөгү мылтык, анын октору, Калашников автоматынан 5х45 калибриндеги ок-дарылар жана “Болот” соода-базар комплексинине тиешелүү документтер алынган.

Мындан тышкары Б.Бнын наамына берилген ИИМ кызматкеринин эки күбөлүгү жана Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын күбөлүгү табылып, алынган. Ошондой эле 2006-жылы чыгарылган “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да алынган.

УКМКнын маалыматында январь айында “Болот” базарынын администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталганын билдирди. Ага ылайык, базар ээси Б.Б. сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөй эле ишкерлерге соода жайларын (40 тонналык контейнердин төрттөн бир бөлүгүн, аянты болжол менен 7,5 м²) 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган. Бирок ага карабай, соодагерлерден базардын жери үчүн ушундай эле өлчөмдө ижара акысын алууну улантып келген. Бош турган контейнерлер үчүн да ижара алынган.

"Б.Б. ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер акча төлөп жатканына карабай, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген. Натыйжада соода жайларынын мурдагы ээлери контейнерлерден, компенсация катары каражат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Ишкерлердин нааразылыгына же акчаны кайтарып берүү өтүнүчүнө Б.Б. коркутуу менен агрессивдүү жооп кайтарып келген", - деп жазылган маалыматта.

УКМК аталган базарда соода жүргүзүү үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөнүн, базардын жана оюн-зоок комплексиндеги оңдоо иштери кайра эле соодагерлердин кошумча акчасына жүргүзүлүп келгенин кошумчалоодо.

Учурда бул иш боюнча кошумча иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

Базардагы соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултканы үчүн мурдараак Кара-Суу базарындагы "Жээнбеков" базарынын ээси, Бишкектеги "Берекет" соода борборунун ээси жана жетекчилери да УКМК тарабынан кармалып, камакка алынышкан. Ага чейин ушундай эле мыйзамсыз чогултуулар "Дордой" базарынын ичиндеги бир катар базар ээлери тарабынан жүргүзүлүп келгени кабарланган.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG