Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:55

Бишкек-Ош каттамы: Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды


Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу. 6-февраль, 2024-жыл.
Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу. 6-февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Ал анда аталган долбоор мамлекеттик жеке өнөктөштүк алкагында биринчи жолу ишке ашып жаткан долбоор экенин айтып, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, объектти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Долбоор ошондой эле бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Сметалык баасы 2,6 млрд сом деп маалымдалды.

Учурда Бишкек-Ош жолунда тыгындар көп. Анын ичинен Өзгөн шаарын кесип өткөн жерде мындагы чакан көчөлөрдө автоунаалар сааттап туруп калган учурлар болот.

Жаңы айланма жол Өзгөн районуна кире бериш жерден шаарга жетпей, анын сыртынан өтүп кетет. Райондун Кароол жана Ана-Кызыл айылдарын байланыштырат. Бул жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн жана жол тыгынын бир топ азайтат деп күтүлүүдө.

Бишкек-Ош магистралында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол куруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 20-декабрда кол койгон.

Өзгөн шаарын айланган жол салуу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келген. Мунун себеби катары каражаттын жетишсиздиги жана саясий эрктин жоктугу аталып жүргөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG