Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Израил Газадагы операциясынын жаңы этабын баштап жатканын билдирди


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил армиясы Газа секторунда жүргүзүп жаткан жердеги операциясынын жаңы этабын баштап, сектордун Египет менен чектеш тилкесиндеги Рафах шаарындагы террорчуларды жок кылууга кирише баштаганын 5-февралда өлкөнүн коргоо министри Йоав Галлант билдирди. Ал ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) 18 куралчан бөлүгү жок кылынганын, бул бирикменин катарындагы согушкерлердин дээрлик жарымы каза болгонун же оор жараат алганын айтты:

«Биз бул операциябызды улантабыз. Газанын борборундагы жана түндүгүндөгү буга чейин жете албаган жерлерге, ХАМАСтын негизги таянычы болуп турган Рафахка чейин жетүүдөбүз. Рафахта жашынып отурган ар бир террорчу аларды да Хан-Юнистегидей тагдыр күтүп турганын эсинен чыгарбашы керек».

Өлкөнүн түндүк чек арасындагы абал тууралуу суроолорго жооп берип жатып министр Израил маселе дипломатиялык жол менен, келечекте Иран колдогон ливандык «Хезболла» тобу кол салбайт деген кепилдик менен чечилишин каалай турганын айтты.

Галланттын белгилешинче, ХАМАСтын лидерлеринин бири Яхья Синвар кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, азыркы тапта «улам бир жерде жашынып, баш калка издеп жүрөт».

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын чабуулдарынан сектордо каза болгондор 27 миңден ашты, алардын көбү аялдар жана балдар.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Соңку маалыматка караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар. (RK)

XS
SM
MD
LG