Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Шаардык сот Капаров менен Асыпбековду камакта калтырды


Актилек Капаров жана Тыныстан Асыпбеков. Коллаж.
Актилек Капаров жана Тыныстан Асыпбеков. Коллаж.

6-февралда Бишкек шаардык соту “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековду жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Шаардык сот 5-февралда “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызына, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовго, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго, “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевге жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулуна да ушундай эле чечим чыгарган.

Ушул эле сот 2-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, кызматкери Акыл Орозбековду жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди, 1-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееваны да 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырган.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG