Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Казакстанда жаңы премьер-министр дайындалды


Олжас Бектенов.
Олжас Бектенов.

Казакстанда жаңы премьер-министр болуп президент Касым-Жомарт Токаевдин 6-февралдагы жарлыгы менен Олжас Бектенов дайындалды. Ал былтыркы жылдын апрель айынан бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген.

Бектеновдун талапкерлигин өлкө парламентинин төмөнкү палатасы мажилис колдоду. Президент өзү катышкан, Бектеновдун талапкерлигин бийликтеги «Аманат» партиясы сунуш кылган пленардык отурумда мажилистеги беш партиянын үчөө аны колдоп добуш беришти.

Эми ал өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуштарын президентке бериши зарыл. Тышкы иштер, коргоо жана ички иштер министрлерин президент өзү дайындайт.

43 жаштагы Олжас Бектенов президенттик администрацияны жетектегенге чейин бир жылдай убакыт Казакстандын коррупцияга каршы агенттигин башкарган.

Президент Токаев былтыр сентябрда дайындалган өкмөттүн толук курамын кечээ 5-февралда отставкага кетирген. Буга эмне себеп болгону расмий айтылган эмес. Өкмөт башчынын ишин убактылуу аткаруу милдети вице-премьер Роман Склярга жүктөлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG