ЖАМКнын Тергөө башкармалыгы Абдылдаевдин өлүмү боюнча иш козгоодон баш тартты

Арстанбек Абдылдаев кармалган маалда. УКМК тараткан сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы (ЖАМК) коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин абактагы өлүмүндө кылмыштын курамы аныкталбаганына байланыштуу факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу маркум Абдылдаевдин жакындарынын адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасында маалымдады.

Абакировдун белгилешинче, ЖАМКнын тиешелүү мекемеси мындай чечимди 2-февраль күнү кабыл алган.

Адвокат маркумдун туугандары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгынын Тергөө бөлүмү иликтеп жаткан Арстанбек Абдылдаевдин өзүнө козголгон кылмыш ишти сотко өткөрүүнү талап кылып жатканын белгиледи. Кайсын Абакиров бул процедура каза болгон адамды реабилитациялоо үчүн маанилүү экенин жана ага мыйзам жол берерин белгиледи.

“Азаттык” бул маселе боюнча комментарий алуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы азырынча жооп бере элек.

Коомчулукта түрдүү билдирүүлөрү менен таанылган ишкер жана коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын 14-декабрында Бишкекте дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыгып, баш калаанын Свердлов райондук милициясы издөө жарыялаган.

15-декабрда УКМК Абдылдаев "диний кастыкты козутууга айыпталып" кармалганын кабарлаган. Расмий маалыматта, ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып тагылган. 16-декабрда сот аны бир айга камакка алган.

2024-жылдын 5-январында Абдылдаевдин сөөгү Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде асынып турган жеринен табылат. Ал 7-январь күнү Бишкек шаарынын четиндеги Сокулук районуна караштуу Орок айылында жерге коюлду.

Жаза аткаруу кызматы расмий билдирүүсүндө ал психотикалык дарт менен жабыркап жүрүп, өз өмүрүнө өзү кол салганын, электр чайнегинин зымына сүлгүну улап, асынып алганын маалымдаган.

Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура жооптуу абак кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (“Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун”) менен кылмыш иши козгоп, тергөө иштерин баштаган. Учурда ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Маркумдун жакындары ал өзүнө-өзү кол салууга барганы күмөн жаратып жатканын белгилешип, анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып келишет.

Алгач ишкерлик менен алектенип, саясатка кийин аралашкан Арстанбек Абдылдаев коомчулукта Арстан Алай деген ат менен таанымал. Кезинде "Кыш болбойт", "Путин биоробот" деген сыяктуу лакапка айланган сөздөрдү айтып, өзүн "Жаңы кудай" деп атаган коомдук ишмер 2011-жылы, 2017-жылы жана 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан. (ErN)

Дагы караңыз

Ысык-Көл: аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен жолдошу кармалды Акылбек Жапаров белгилүү Ротшильддердин компаниясына инвестициялык долбоор сунуштадыБританиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыктыМедиа уюмдар Ташиевге кайрылып, 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга чакырдыЖанар Акаев “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айтты“Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы менчиктештирүү боюнча иш козголдуПрезидент бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасаларын айтты