Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Акылбек Жапаров белгилүү Ротшильддердин компаниясына инвестициялык долбоор сунуштады


Ариэль Малар де Ротшильд жана Акылбек Жапаров. 6-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Ариэль Малар де Ротшильд жана Акылбек Жапаров. 6-февраль, 2024-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров “Rotschild and Co” компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен Бишкекте жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар финансылык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Акылбек Жапаров Ариэль Малар де Ротшильд менен 2023-жылдын 28-29-ноябрь күндөрү Лондондогу иш сапарынын алкагында да кездешкен. Жапаров бул сапардын алкагында алар Кыргызстан аталган өлкө менен дипломатиялык мамиле түзгөн 30 жыл ичинде жасалбаган иштерди жасап келишкенин белгилеген.

Ротшильддердин династиясы, же Ротшильддердин үй-бүлөсү Европада XVIII кылымдан бери таанымал банкирлердин жана коомдук ишмерлердин династиясы. Бул династиянын өкүлдөрү учурда дүйнөдө ар кайсы тармактардагы бизнестерге ээлик кылат.

Ариэль Малар де Ротшильд башкармалыгына мүчөлүк кылган “Rotschild and Co” компаниясы Ротшильддер үй-бүлөсүнүн француз жана англис мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн жана башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан финансылык холдингдик компания. Бул Ротшильд банктар тобунун флагманы болуп саналат.

“Rotschild and Co” компаниясынын банк ишкерчилиги инвестициялык банкинг, реструктуризациялоо, корпоративдик банкинг, жеке капитал, активдерди башкаруу жана жеке банкинг чөйрөлөрүн камтыйт. Ал ошондой эле өкмөттөр менен ири корпорацияларга кеңешчи жана кредитор катары белгилүү. Мындан тышкары компаниянын өзүнүн жеке инвестициялык эсеби бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG