Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Британиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыкты


Британиянын падышасы Чарльз III рак оорусуна чалдыкты. Букингем сарайынын басма сөз кызматы ал 5-февралдан тартып дарылана баштаганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, падыша ар кандай ушак-айыңдын алдын алуу үчүн ден соолугуна байланыштуу маалыматтарды ачыкка чыгарган. Анын оорусу жакында простата безинин чоңоюшун дарылоо учурунда аныкталган. Бирок рактын простата безине тиешеси жок.

Сарайдын билдирүүсүндө падышанын оорусуна байланыштуу кенен маалымат, анын ичинде дарт азыр кайсы баскычта экени же дарыгердин божомолу айтылган эмес.

BBC жазгандай, Чарльз III амбулатордук негизде дарыланат. Бул аралыкта өзүнүн милдеттеринин бир бөлүгүн, анын ичинен эл алдында сүйлөөнү токтотот. Бирок ыйгарым укуктарынын негизги бөлүгүн аткарууну уланта бермекчи.

Британиянын премьер-министри Риши Сунак, Лейбористтер партиясынын лидери Кейр Стармер, Шотландиянын биринчи министри Хамза Юсуф, Түндүк Ирландиянын биринчи министринин орун басары Эмма Литтл-Пенгелли жана башка саясатчылар падышанын тезирээк сакайып кетишине тилектештик билдиришти.

75 жаштагы Карл III 2023-жылы 5-майда ханыша апасы Елизавета II каза болгондон кийин такка отурган. (SE)

XS
SM
MD
LG