Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Ысык-Көл: аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен жолдошу кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Ысык-Көлдө аялына зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Арызды милицияга Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну жазып, жолдошу спирт ичимдигин ичип алып кол көтөрүп, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген.

Бул факты аталган райондун маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын жыйынтыгында жеңил жаракат алганы аныкталган. Келин жолдошу буга чейин да бир нече жолу зомбулук көрсөткөнүн айткан.

Бул факты боюнча Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 41 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган. (AsK)

XS
SM
MD
LG