Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын билдирди.
Бул тууралуу депутат парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 6-февралдагы жыйынында айтып, документти күн тартибинен алып салуу сунушун берди. Демилге колдоо тапты.
“Журналистер облустардагы ар бир мекемеден аккредитациядан өтүп чыгышы керек экен. Анда эч кимди иштетпей эле жаап салбайлыбы. Мыйзам долбоорун анализдеп чыктым. 95% Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүптүр. Кээ бир беренелери 94-98% чейин көчүрүлгөн. Биз документти бул боюнча кабыл алганыбыз болбойт. Министрлер кабинетинин журналисттерде анча-мынча жоопкерчилик болушу керек дегени туура. Ага эч ким каршы эмес. Бирок аккредитациядан өтүшү керек, күбөлүк бериш керек дегендерди жөнгө салсак болот”, - деди Жанар Акаев.
Буга чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки комитети биринчи окууда колдогон.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. Орозбек Сыдыков ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)