Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

“Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы менчиктештирүү боюнча иш козголду


“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кире бериши.
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кире бериши.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) өндүрүштүк имараттар 428,8 чарчы метр жери менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, текшерүү маалында 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аталган аянттагы жер тилкеси жана имарат “И-м Т-ко” жоопкерчилиги чектелген коомуна 40 жылга ижарага берилгени такталган. Эркин экономикалык аймактын жана аталган фирманын жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды “F-M” компаниясына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

“И-м Т-ко” жана “F-M” фирмаларынын 19 жыл мурдагы мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдери 2021-жылы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз каттоодон өткөрүлүп, мамлекеттик мүлк “F-M” жоопкерчилиги чектелген коомуна менчикке чыгарылып кеткен.

Бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Бишкек шаарынын Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Соңку маалыматтарда анда 32 мамлекеттен келген 313 субъект катталганы, анын 58и биргелешкен ишкана экени кабарланган.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы алгач “Манас” эл аралык аэропортунун жакасындагы Ак-Чий аянтындагы жерди ээлеп турган. Анын аянты 203,09 гектарды түзгөн. Кийин ага баш калаанын жогорку жагынан (“ВДНХ”) 43 гектар, Кара-Балта шаарынан 100 гектар кошулган. Натыйжада аймактын жалпы аянты 346,09 гектарды түзүп калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG