Финансы министрлигинин басма сөз кызматы быйыл Кыргызстандын энергетика тармагына 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп каражат бөлүнөрүн билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр бул тармакка бюджеттен 33,2 млрд сом сом бөлүнсө, быйыл 74 млрд сом каралды.
Анын ичинен 55,8 млрд сом “Электр станциялары” менен “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканаларынын уставдык капиталын көбөйтүүгө, 7 млрд сом күз-кыш мезгилине даярдык үчүн бөлүнөт. Калгандары башка иштерге пайдаланылат.
Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйындан төлөйт. (BTo)
Дагы караңыз
Ысык-Көл: аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен жолдошу кармалды Акылбек Жапаров белгилүү Ротшильддердин компаниясына инвестициялык долбоор сунуштадыБританиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыктыЭлектрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлдуМедиа уюмдар Ташиевге кайрылып, 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга чакырдыЖанар Акаев “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айттыПрезидент бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасаларын айтты“Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы менчиктештирүү боюнча иш козголду