Ысык-Көл: аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен жолдошу кармалды

Кармалган шектүү.

Ысык-Көлдө аялына зордук-зомбулук көрсөткөн деген айып менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Арызды милицияга Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну жазып, жолдошу спирт ичимдигин ичип алып кол көтөрүп, анын кесепетинен денесинен жаракат алганын билдирген.

Бул факты аталган райондун маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын жыйынтыгында жеңил жаракат алганы аныкталган. Келин жолдошу буга чейин да бир нече жолу зомбулук көрсөткөнүн айткан.

Бул факты боюнча Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 41 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 учуру катталган. (AsK)

Дагы караңыз

Британиянын падышасы Чарльз III рак илдетине чалдыктыЭлектрондук чылымга тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлдуМедиа уюмдар Ташиевге кайрылып, 24.kg агенттигинин кеңсесин ачууга чакырдыЖанар Акаев “ЖМК жөнүндө” долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн айтты“Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы менчиктештирүү боюнча иш козголдуПрезидент бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасаларын айттыЛукашенко аскерлерге жарандарга каршы ок атууга уруксат бердиИИМ Орусиядан беш өспүрүм алынып келгенин билдирдиЖЭБдеги авариянын калдыктарынын 95% тазаланды