Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Лукашенко аскерлерге жарандарга каршы ок атууга уруксат берди


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн уставына өзгөртүүлөрдү киргизип, аскер кызматкерлерине өз милдеттерин аткаруу учурунда “ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды, күжүрмөн жана атайын техникаларды” жарандарга каршы колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлады.

Документте жазылгандай, жарандар административдик эреже бузууга барган учурда да аларга каршы курал колдонууга уруксат берилет.

Лукашенко киргизген өзгөртүүлөрдө мындан сырткары ок атуу “жалпы аскердик уставдын талабынын негизинде аткарылган болсо” аскер кызматкери “чыгымдар үчүн жоопкерчилик албай турганы” белгиленген.

Мурдараак Александр Лукашенко “Мамлекеттик коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койгон. Анда “куралдуу каршылык көрсөтүү болгон учурда, тобу менен чабуул жасалган маалда же адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан аракеттер катталганда” атайын кызматтын кызматкерлерине аялдарга, балдарга жана майыптарга каршы ок чыгарууга уруксат берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG