Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

ИИМ Орусиядан беш өспүрүм алынып келгенин билдирди


Орусиядан алынып келген өспүрүмдөр.
Орусиядан алынып келген өспүрүмдөр.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Орусиядан ата-энесинин жана жакындарынын кароосуз жүргөн беш өспүрүм Кыргызстанга алынып келгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Москва-Бишкек каттамы менен келген балдарды ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

Өспүрүмдөрдүн Орусияга эмне себеп менен барганы такталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (BTo)

XS
SM
MD
LG