Бишкек шаардык соту дагы үч журналистти камакта калтырды

Жоодар Бузумов, Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбеков. 5-февраль, 2024-жыл. Коллаж.

5-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Шаардык сот ушул эле күнү “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун да камакта калтырды.

“Биз журналист катары коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып турган адамдарбыз. Биз бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөбүз. Анан каяктан эле “массалык башаламандык уюштура турган адамга” айланып калганыбызды түшүнө албай турам”, - деди сотто Жоодар Бузумов.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, кызматкери Акыл Орозбековду жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди да камакта калтырган.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Ал 5-февралга чейин каралат.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле“Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

Таласта президенттин мурдагы өкүлүнө жана мэрге козголгон иш тергөөдөн кыскардыБренддерди өзгөртүп, мыйзамсыз товар саткандарга 300 миң сом айып пул салуу сунушталдыТөрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарландыАКШ Сенаты Украинага жана Израилге жардам боюнча макулдашылган мыйзам долбоорун жарыялады11 журналисттин иши: Сот Султаналиевди, Тажыбек уулун камакта калтырдыГаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароону чечти Орусия Лисичанск шаарындагы аткылоодо 20 киши өлгөнүн билдирдиӨКМ Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталганын билдирдиКараколдо көк бөрүдөн жаракат алган жигит комага түшүп калды