Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Гаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароону чечти


Эл аралык соттун президенти Жоан Доногху.
Эл аралык соттун президенти Жоан Доногху.

2-февралда Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Украинанын Орусияга каршы арызын кароону чечти. Украина Кремль Донбасста «геноцид» болуп жатат делген жалган айыптоолорду согуш баштоо үчүн шылтоо кылып, 1948-жылкы конвенцияны бузган деп эсептейт.

Москва бул ишти кароо БУУнун сотунун "юрисдикциясына кирбейт" деп билдирип келген.

2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Киев Москванын үстүнөн 1948-жылы кабыл алынган геноцид жөнүндө конвенцияны бузду деп арызданган.

31-январда Гаагадагы Эл аралык сот Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин жарыялап, орус бийлиги терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу эл аралык конвенцияларды жарым-жартылай бузган деген тыянакка келген.

Чечимде орус бийлиги аннексиялап алган Крымда украин тилиндеги билим берүүнү коргобой, БУУнун дискриминацияга каршы келишимдерин бузганы айтылды, бирок Орусияны кенемте төлөтүү тууралуу талап колдоого алынган жок жана Крымдагы татарлар менен украиндер басмырлоого кабылганы тууралуу өтүнүч да канааттандырылган эмес.

Жалпысынан Эл аралык сот келишимдердин эки беренесин бузганын тастыктап, калгандары боюнча доону колдогон жок.

Орусия Украинадагы согушту "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет. (AiA)

XS
SM
MD
LG