Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Таласта президенттин мурдагы өкүлүнө жана мэрге козголгон иш тергөөдөн кыскарды


Талас шаары
Талас шаары

Жемкорлукка шек саналып кармалган президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабдановго козголгон кылмыш иши тергөөдөн кыскартылды.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 5-февралда Нарбеков менен Шабданов өздөрү ырастады.

"Мага тергөөчү иш тергөөдөн кыскарганын айткан. Жеке мен эч кандай акча төлөгөн жокмун. Ал жерде башка фигуранттар да бар болчу, алар үчүн жооп бере албайм", - деди Шабданов.

Ал эми Бакытбек Нарбеков кылмыш иши кыскарганын айтып, башка суроолорго жооп берген жок.

Атайын кызмат бул тууралуу азырынча кабар бере элек.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өткөн жылы май айында Талас шаарында тигүү цехин куруу ишинде 7 миллион сомдук зыян келтирген деген шек менен президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев жана “НИКА KG” компаниясынын өкүлүн кармаган.

Кармалгандардын баары кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү муну четке каккан. Мэрия долбоорду курууда каржы маселесине кийлигишпегенин, болгону тигүү фабрикасын курууга жер бөлүп бергенин айткан.

2022-жылы шаардык мэрия миң орундуу тигүү цехин куруп, "Кул Брос" тигүү ишканасына ижарага берери, аны облустук өнүктүрүү фонду каржылай турганы айтылган. (MKt)

XS
SM
MD
LG