Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

АКШ Сенаты Украинага жана Израилге жардам боюнча макулдашылган мыйзам долбоорун жарыялады


Солдон оңго: Сенаттагы азчылыктын лидери Митч МакКоннелл, Украина президенти Владимир Зеленский жана Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер. 2023-жылдын 12-декабры.
Солдон оңго: Сенаттагы азчылыктын лидери Митч МакКоннелл, Украина президенти Владимир Зеленский жана Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер. 2023-жылдын 12-декабры.

АКШ Конгрессинин Сенаты өлкөнүн өзүнүн чек арасын коргоого, Украина менен Израилге жана башка союздаштарга аскердик жардам көрсөтүүгө 118 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору Сенаттагы эки партиянын тең өкүлдөрүнүн колдоосун тапканын жарыялады.

Сенаттын сайтына 4-февралдын кечинде жарыяланган кошумча каржылоо тууралуу макулдашылган мыйзам долбооруна ылайык, 60 миллиард долларды Украинага жардамга, 14 миллиардды Израилге, 20 миллиарддан ашуун акчаны АКШнын Мексика менен чек арасынын коопсуздугун камсыз кылууга, 5 миллиардга жакынын өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүн колдоого, 2,5 миллиарддай долларды Кызыл деңиздеги коопсуздук операциясына жана ошончо эле акчаны АКШын Борбордук командачылыгына бөлүп берүү сунушталууда.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинага, Израилге, Тайванга жана өлкөнүн түштүк чек ара тилкесинин коопсуздугун камсыз кылууга 106 миллиард доллар бөлүү өтүнүчү менен Конгресске былтыр октябрда кайрылган. Бирок чечим алигүнчө кабыл алына элек. Буга негизги себеп республикачылар менен демократтардын Мексика менен чек араны бекемдөө маселесиндеги пикир келишпестиги болгон. Республикачылар Украинага кошумча жардам маселеси чек арадагы миграциялык саясат күчөтүлгөндө гана талкууланышы мүмкүн деген шарт коюшкан.

Байден каржылык колдоо сунушун болушунча тезирээк карап чыгууну өтүнүп, Украинага Орусия менен кармашында колдоо көрсөтүү АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жооп берерин, орус президенти Владимир Путиндин бул согушу Украина менен гана чектелип калбай турганын айткан.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Сенат даярдап жаткан мыйзам долбоору палатада азыркыдай мазмунда кабыл алынышы күмөн экенин билдирген. Мындай мыйзамга мурдагы президент, быйылкы президенттик шайлоодо Республикачылар партиясынан талапкер болушу ыктымал Дональд Трамп да каршы чыккан.

3-февралда Майк Жонсон келерки аптада Израилге 17,6 миллиард доллар бөлүү тууралуу гана мыйзам долбоору добушка коюларын айткан.

Ошол эле күнү АКШ администрациясы Украинага жана Израилге чогуу жардам тууралуу сунушун өз-өзүнчө бөлүп кароого каршы экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG