Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

ӨКМ Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталганын билдирди


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) жарылуунун очогу аныкталганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-февралда “Биринчи радиодо” маек берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, жарылуу 14-отказандын жанындагы көмүрдү майдалаган шайманда болгон жана анын себеби иликтенип жатат.

“Жарылуунун масштабы өтө чоң болгон. Себеби, айнектин сыныктары, имараттын чатыры өтө алыска чейин учкан. Имараттагы 650-680 метр чатыр толугу менен аңтарылып калган. Ал эми 14-отказандын жанындагы жабдык көмүрдү майдалап отказанга чачып берип турат. Биздин адистер жеринде иш алып барып жарылуунун очогу табылды”, - деди ал.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берди.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң кВт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60% жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG