Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Орусия Лисичанск шаарындагы аткылоодо 20 киши өлгөнүн билдирди


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Лисичанск шаарындагы аткылоодон кийин.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Лисичанск шаарындагы аткылоодон кийин.

Орусия оккупациялап алган Луганск облусунун Лисичанск шаарындагы аткылоодо бери дегенде 20 адам каза болгону кабарланууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын сөөгү урандылардын астынан чыгарылганын 4-февралга караган түнү кабарлады. Кеминде 10 киши жабыркаганы айтылат. Калаадагы Орусия дайындаган бийликтин жана орус агенттиктеринин маалыматына караганда, 3-февралда наабайкана жайгашкан имарат аткыланган.

Өзүн Луганск элдик республикасы деп атаган аймактын жетекчилиги аткылоону Украина армиясынан көрүүдө. Киев буга комментарий бере элек.

Лисичанск шаарын Орусия 2022-жылдын жазында оккупациялаган. Калаа фронттон болжол менен 10-15 км алыста.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарында, өзгөчө фронт сызыгына жакын жерлерде аткылоодон карапайым адамдар жапырт каза болгон учурлар буга чейин да болгон.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында бастырып кирген. Москва муну "орус тилдүүлөрдү коргогон атайын операция" деп атайт. Дүйнөнүн басымдуу бөлүгү бул үчүн Кремлди сындап келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG