11 журналисттин иши: Сот Султаналиевди, Тажыбек уулун камакта калтырды

Сайпидин Султаналиев жана Максат Тажыбек уулу. 5-февраль, 2024-жыл.

5-февралда Бишкек шаардык соту “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды.

Сот ушул эле күнү “ПолитКлиника” порталынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун, “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Алар сотто коюлган айыптарды четке кагышты.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди жана Акыл Орозбековду да камакта калтырган.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Ал 5-февралга чейин каралат.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле“Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

Гаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароону чечти Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалдыГаага соту Киевдин Орусияны айыптаган арызын кароого юрисдикциясы бар-жогун чечетБишкекте 29 жаштагы келин төрөттөн көз жумдуКараколдо көк бөрүдөн жаракат алган жигит комага түшүп калдыТөрт айда кыргыз-тажик чек арасынын 196 чакырымы такталганы кабарландыӨКМ Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталганын билдирди