Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


"Чоң Аза" деген каймана аттуу адам. ИИМ тараткан сүрөт.
"Чоң Аза" деген каймана аттуу адам. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шек санап, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Чоң Аза" деген каймана аттуу адам кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган, баңгизатты мыйзамсыз сактап, сатып келген жарандарды тактоо ишинин жүрүшүндө былтыр козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

41 жаштагы К. А. аттуу шектүү мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Аны кармоо учурунда жанынан ширеңкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылган.

Кармалган жаран Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин 283- беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ тарабынан былтыр Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 166 мүчөсү кармалып, кылмыш иши козголгон. Анын 67си кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек), үчөө Алмаз Бокушевдин, калган 96сы башка уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч, 1076 субъектиден турган түрдүү топтор катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG