Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" ырастады.
Министрликтин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын маалымдашынча, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
"Азыр иликтөө жүрүп жатат. Толук маалымат анын жыйынтыгына жараша берилет", - деди Асылбашева.
5-февралда 29 жаштагы келин төрөтүүчү кесарево операциясы учурунда каза тапкан. Анын үчүнчү төрөтү экени айтылууда.
14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болгон. 2022-жылы тогуз айда 34 аял төрөттөн каза тапкан.
Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган.(ZKo)