Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми Финансы министрлигине калыбына келтирүү иштерине зарыл болгон каражатты тез бөлүп бериши керектиги айтылды.
Президент Садыр Жапаров да Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.
2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.
Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты. (BTo)
Дагы караңыз
11 журналисттин иши: Султаналиев коюлган айыпты четке кактыАкыйкатчы институту психиатриялык ооруканадагы бейтаптардын укуктарына мониторинг жүргүзөт11 журналисттин иши: Азамат Ишенбеков айыптарды четке кактыПрезидент Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алдыЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулдуЧүйдө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды