Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Президент Жапаров жылуулук борборунда жабыр тарткандардан кабар алды


Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкектеги Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, жылуулук борборундагы жарылуудан жабыр тарткан кызматкерден кабар алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президентке саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, зарыл болгон медициналык жардам толугу менен берилип жатканын белгиледи.

Жапаров бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы мунун алдында кырсык болгон Бишкек жылуулук борборунда болуп, бул жайдын авариядан кийинки абалы менен таанышкан. Анда ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар берилген.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG