Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

Чүйдө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылганын билдирди. Бул боюнча Аламүдүн райондук милициясына 1-февралда саат 17:37да маалымат түшкөн.

Сотко чейинки алдын ала териштирүү иштеринин жүрүшүндө ымыркайды таштап кеткен 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жети айлык ымыркай өлүү абалда төрөлгөнүн, баланын сөөгүн кутуга салып, Аламүдүн районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы ээн жерге таштаганын билдирген.

Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштер уланууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана Миграция министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстанда 14 ымыркай ташталган.

Былтыр ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч учур катталган.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген. 19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркайдын энелери табылып, кылмыш иши козголгон.

Бул окуялардан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан азырынча ага даяр эмес экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG