Министр Ажикеев: ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол бар

Бообек Ажикеев.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюна эки версия каралып жатканын билдирди.

“Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен диверсия болгон деген да божомол каралып жатат. Анткени түнкү саат үчтөр чамасында катуу үндөр чыккан. Биз ошондой эле техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз”, - деди ал.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Жылуулук борбордогу кырсыктан улам Бишкектин 12, 11, 6, 7, 3, 5 кичи райондоруна, 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулуп, борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяландыАлагөзов ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин айттыӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айттыЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилдиБишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болдуӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирдиБишкекте ЖЭБдеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оорБишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жабыркады1-февраль: Элчиликтин машинеси кабылган кырсык, абакта калган журналист, Назарбаевдин эстелиги