Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды


Бишкек Жылуулук электр борбору. 2-февраль, 2024-жыл
Бишкек Жылуулук электр борбору. 2-февраль, 2024-жыл

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу аталган жайда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу 2-февралдагы чукул маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, учурда кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатат. Министр Бишкек жылуулук борборундагы авариянын кесепетин жоюп, жылуулукту толук берүүгө беш күндөн жети күнгө чейин убакыт керектелерин билдирди.

Бишкектеги бардык үйлөрдө жылуулуктун санитардык нормасы берилип турат. Учурда Бишкек жылуулук борборунда эки от казан иштеп жатат.

"Бүгүн кечке чейин дагы төрт от казанды ишке киргизүүгө аракет көрүлөт”, - деди Ажикеев.

Министр азырынча канча от казан жарактан чыкканы иликтенип жатканын кошумчалады.

Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев Жылуулук борбордо жалпы 15 от казан бар экенин билдирди.

Мунун алдында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов болжолдуу маалымат боюнча авария ЖЭБдеги 14-от казанда болгонун айткан. Шаардын жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилди.

Бишкек жылуулук борборунда аварияга чейин 400 МВт электр энергия өндүрүлүп келсе, азыр 200 МВтке түшкөн.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады. Саламаттык сактоо министрлиги алардын экөөнүн абалы оор экенин билдирүүдө. Күйүктөр бөлүмүндө жаткан бир адамдын абалы туруктуу. Экөө текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG