Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкекте ЖЭБдеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оор


Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор, реанимацияда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн түнү ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми бир адам күйүктөр бөлүмүндө. Анын абалы туруктуу. Эки адам болсо текшерүүдөн соң үйлөрүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болгон. Энергетика министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Министрлик ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатканын кабарлады

“Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

XS
SM
MD
LG