Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

ЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди


2-февралда Энергетика министринин орус басары Насипбек Керимов ЖЭБдеги авария тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде маалымат берип жатып, авария болжол менен ЖЭБдеги 14-от казанда болгонун айтты. Шаардын жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилген.

"Жылуулук системасын сактап калуу максатында айрым коммерциялык мекемелер, мектеп, бала бакчалардын иши убактылуу токтотулуп, онлайн режимге өттү. Азыр "Бишкек жылуулук электр тармактары ишканасы" система тоңуп калбашы үчүн ыкчам чараларга барууга муктаж болуп жатабыз. Калкты электр энергиясы менен камсыздоодо маселе болбойт, электр энергиясы берилет".

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссия иш алып барууда.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG