Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Алагөзов ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин айтты


Eldik Kurultai, Bishkek, Kyrgyzstan, December 15, 2023 Sadyr Japarov - Садыр Жапаров
Eldik Kurultai, Bishkek, Kyrgyzstan, December 15, 2023 Sadyr Japarov - Садыр Жапаров

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин билдирди. Ал “президент түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасын бергенин” кошумчалады.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Жылуулук борбордогу кырсыктан улам Бишкектин 12, 11, 6, 7, 3, 5 кичи райондоруна, 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулуп, борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG