Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

ӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди


Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) болгон жарылуудан чыккан өрт саат 5:05те толук өчүрүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, ЖЭБдеги кырсыктан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы алты бөлүм тартылган.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлаган. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголуп, ошол кездеги бир топ чиновниктер жоопко тартылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG