Шаардык сот журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырды

Айке Бейшекеева Бишкек шаардык сотунда. 1-февраль, 2024-жыл.

1-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееваны 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча биринчи инстанциянын токтомун күчүндө калтырды.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

Дагы караңыз

Быйыл эки миң гектар аянттагы алтыгана жок кылынатМадумаровдун иши: Сотто Исаков, Мамытов, Масалиев көрсөтмө беретБишкекте жергиликтүү дарыгерлер бөйрөк алмаштырган операция жасашты Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн келин Москвадан кармалып келгени кабарландыТөрөбаев Сузактын Кара-Алма суусуна бассейн куруларын билдирдиАба ырайы: Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт