Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:57

Бишкекте жергиликтүү дарыгерлер бөйрөк алмаштырган операция жасашты


Операция маалында тартылган сүрөт. 1-февраль, 2024-жыл
Операция маалында тартылган сүрөт. 1-февраль, 2024-жыл

1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасалды. Төрт саатка созулган операцияда алгач донордун бөйрөгү алынып, кийин ал орган бейтапка салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Операцияны үч хирург, бир анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада жасаган. Орган которуу операциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышкан.

"Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар эки-үч күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик билдиргендей, Министрлер кабинети гемодиализ алып жүргөн 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн каражат бөлгөн. Акысыз операция жасала турган жарандарды тандай турган комиссия түзүлгөн. Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Гемодиализ үчүн 2024-жылга мамлекеттик бюджеттен 2 млрд. 400 млн. сом бөлүнгөн.

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаковдун маалыматына ылайык, аталган борбордо бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жасалып келет. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 44 операция жасалган.

Былтыр август айынан тарта Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында адамдын ички органдарын алмаштыруу операциялары жасала баштаган.

XS
SM
MD
LG