Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:08

Мадумаровдун иши: Сотто Исаков, Мамытов, Масалиев көрсөтмө берет


Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.

1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат.

Сотко Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев күбө катары көрсөтмө бериш үчүн келди.

30-январда өткөн жараянда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармасынын мурунку биринчи орун басары Эмил Шерматов күбө катары көрсөтмө берген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG