Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

Быйыл эки миң гектар аянттагы алтыгана жок кылынат


Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.
Суусамыр жайлоосу алтыгана тикен бадалынан жабыркап келет.

Быйыл Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Суусамырдын жайыт, жайлоолорун каптаган эки миң гектар аянттагы алтыгана бадалын жок кылууну пландоодо. Бул тууралуу министрдин орун басары Маил Алияскаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал буга чейин алтыгананын жок кылуу боюнча биологиялык жана механикалык ыкмалар пайдаланылганын айтты.

"Суусамырдагы алтыгана бадалын жок кылуу боюнча министрлик эки жылдан иш жүргүзүп келатат. Илимий изилдөөлөр боюнча аны жок кылуунун үч биологиялык, механикалык жана химиялык ыкмасы бар экен. Биринчи экөөнү колдонуп көрдүк. Азыр Илимдер академиясынан жана Жаратылыш министрлигинен корутунду күтүп жатабыз. Эгер оң жооп болсо быйыл жаздан баштап 2 миң гектардагы алтыгананы жок кылууну пландап жатабыз", - деди Алияскаров.

Буга чейин Илимдер академиясынын экологдору алтыгананы химиялык жол менен жок кылганга болбосун айтып каршы чыгышкан.

Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан-жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин кирип келген учурлар катталган. Мындан улам мал оттой турган жерлер кемип-тарыган.

2022-жылы аталган министрлик жайлоолорду алтыганадан арылтуу үчүн жабдуулар алынып келингенин кабарлаган.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектарды түзөт жана анын теңине жакынын, тактап айтканда тогуз миллионун жайыттар менен жайлоолор ээлейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG