Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:01

Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн келин Москвадан кармалып келгени кабарланды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн 37 жаштагы Каныкей Аранованы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келгени кабарланды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” эжеси Ырысгүл Аранова билдирди. Анын сөзүнө караганда, сиңдисин УКМКнын кызматкерлери 1-февралда таңга жуук алып келишкен. Аны менен кошо 11 жаштагы кызы да алынып келгенин айтты.

“Биз адвокат жалдай элекпиз. Эмнеге кармалганын да түшүнбөй атабыз. Москвага кызы менен бир жыл мурда кеткен”, - деди Ырысгүл Аранова.

УКМК Каныкей Аранова боюнча азырынча комментарий бере элек.

Каныкей Аранова 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренеси менен 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG