Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Аба ырайы: Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, ал эми күндүз -1...-6;.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26...-31, күндүз -10...-15° градус суук.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG