Камчы Көлбаевдин кудасы эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр 4-октябрда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кудасы Рустам Турдиев эч жакка чыкпоо тил каты менен УКМКнын тергөө абагынан бошотулганы белгилүү болду.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 23-январда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Рустам Турдиев кармалганын 2023-жылы октябрда кабарлаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренесинин “Уюшкан топко катышуу” бөлүгү менен айып коюлганы айтылган.

Рустам Турдиев Камчы Көлбаевдин кудасы. Анын 23 жаштагы уулу Руслан үч жыл мурда Көлбаевдин кызы Эркеайымга үйлөнгөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын арам акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган. (BTo)

Дагы караңыз

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин машинелери жол кырсыгына кабылдыЗулушев Коргоо министрлигиндеги коррупция тууралуу айтты, министрлик четке кактыBloomberg: Украинада ок-дары жетишпей жатат 24.kg агенттигинин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылдыЛондондо Орусия аннексиялап алган Севастополдун мурдагы губернатору камалды ЕБ лидерлери Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө Украинаны колдорун билдирди 31-январь: Көлбаев өлтүрүлгөн операциянын мыйзамдуулугу, Орусия менен Украинанын туткун алмашуусу