Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Bloomberg: Украинада ок-дары жетишпей жатат


АКШ жана Европа Биримдигинин жардамы кечеңдеп жаткандыктан, Украинада арттилериялык снаряддар жана абадан коргонуу ракеталардын жетишпей жатат.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги батыштык аткаминерлерге шилтеме кылып жазды. Дипломаттардын билдиргенине караганда, европалык өнөктөштөр Украинага 1-мартка чейин берүү убада кылынган миллион ок-дарынын 600 миңин гана жеткире алат. Анткени өндүрүш кечеңдеп, Батыштын запастары азайып жатат деп кооптонууда. Bloomberg бул аптада Евробиримдиктин коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушууда Украинага жөнөтүлө турган снаряддардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулай турганын, бирок 1 миллионго жетишүү дагы деле мүмкүн болбой турганын тактады.

Европалык лидерлер 1-февралда өтө турган саммитте Украинага төрт жылдык мөөнөт менен 50 млрд евро бөлүү маселесин талкуулайт. Буга чейин Венгрия Киевге бул жардам пакетин бөлүүгө богөт койгон. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, Будапешттин колдоосуз жардам көрсөтүүнүн жолун табууга аргасыз болорун белгилейт Bloomberg.

Европалык расмий өкүл агенттикке шаркет кандай болгон күндө да жардамды февралдын аягына чейин бекитүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

АКШ Конгресстеги республикачылардын каршылыгынан улам Украинага 61 миллиард доллар бөлүү боюнча макулдашууга бир нече айдан бери жетише элек. Республикачылар башка өлкөлөргө жардам берүүнү жактыруунун ордуна чек ара коопсуздугун күчөтүүнү талап кылууда.

Батыш дипломаттарынын айтымында, Киев Евробиримдиктен жардам алган күндө да жаздын аягында АКШнын колдоосу жетишпей жатканын сезет.

XS
SM
MD
LG