Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:20

Зулушев Коргоо министрлигиндеги коррупция тууралуу айтты, министрлик четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги улук лейтенант Рустамбек Жоробаевдин Абадан коргонуу күчтөрүндөгү мыйзам бузуулар жана ал боюнча Аскер прокуратурасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Рустамбек Жоробаевдин арызындагы фактылар боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндөн кийин ал Аскер прокуратурасына берилгени, иликтөөнүн жыйынтыгында кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз табылбаганы айтылат.

“Аскер прокуратурасы улук лейтенанттын аракеттерине юридикалык баа бербестен, авиатехниканы оңдоо сапаттуу жүргүзүлгөн эмес деп Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгын айыптап жатканы таң калычтуу. Башкача айтканда, маалыматты бурмалоо жолу менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жана анын калк арасындагы кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жатат. Эмненин негизинде? Алар кайдан алышты? Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин ичинен ким авиациялык техниканы, аны тейлөөнү, оңдоону жана учууларды уюштурууну түшүнөт? Башкы прокуратуранын аракеттеринде иштин реалдуу абалынын чагылышы эмес, популизм көбүрөөк деп эсептейбиз”, - деп айтылат маалыматта.

31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Рустамбек Жоробаевдин Коргоо министрлигиндеги мыйзам бузуулар боюнча айткандарын Аскер прокуратурасы териштиргенин билдирген.

“Жоробаевдин айткандары боюнча кайра текшерүү жүргүзгөндө ал адамдын айткандары далилденди. Ошондуктан Аскер прокуратурасынын кызматкеринин 50% алмаштырып атам. Анткени бир жерде көп убакыт иштегенде тааныш-билиш болот экен. Жоробаев айткан фактылар аныкталды”, - деген Курманкул Зулушев.

Рустамбек Жоробаев буга чейин авиатехниканы оңдоодо коррупциялык иштер бар экенин айтып чыккан.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулап, экипаждын командири, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.

Факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (“Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө уланып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG