Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:27

24.kg агенттигинин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды


24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаеваны суракка алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл
24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаеваны суракка алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл

24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева порталдын айланасындагы иштер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Сайтка чыккан кайрылууда 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басылып жабылганы журналисттердин кесиптик ишмердигине кедергисин тийгизери, алар өз милдеттерин толук кандуу аткара алышпай турганы жазылган.

“Алар үй-бүлөлөрүн багышат, көп кызматкерлердин насыялары бар. Агенттиктин ишине коюлган чектөөлөр 24.kg порталынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө жана төлөө боюнча келишимдерде каралган милдеттердин өз убагында аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деп айтылат кайрылууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Буга чейин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган.

Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG