Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Лондондо Орусия аннексиялап алган Севастополдун мурдагы губернатору камалды


Дмитрий Овсянников.
Дмитрий Овсянников.

Британ бийлиги Орусия аннексиялап алган Севастополдун мурдагы губернатору Дмитрий Овсянников кармалганын билдирди. 46 жаштагы орусиялык аткаминер санкциялык мыйзамдарды бузууга айыпталууда. Бул тууралуу The Times гезити жазды. Маалыматка караганда, ал камакка алынды.

Овсянников шаарды 2017-жылдан 2019-жылга чейин башкарган. Ага чейин жана андан кийин Орусиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары болгон. 2020-жылы ал Ижевск аба майданындагы жүрүм-турумуна байланыштуу жаңжалдан кийин кызматтан алынган.

The Times басылмасы жазганына караганда, мурдагы губернатор Лондондогу үйүндө кармалган. Анын соту 20-февралга белгиленди. Ал санкцияны кыйгап өтүп, Лондон банкынан эсеп ачкан, ошондой эле жалпы суммасы 65 миң фунт стерлингди түзгөн төрт төлөм жүргүзгөн жана 77,5 миң фунт стерлингди накталай сактаган деп айыпталууда. The Insider сайты басылманын кагаз версиясындагы маалыматын жарыялады.

Улуу Британия Овсянниковго 2020-жылдын аягында санкция салган. Анын банктагы эсептери жабылган. Орусиялык мурдагы губернатор Лондондогу түрмөлөрдүн биринде кармалууда. Би-Би-Синин орус кызматы зордук-зомбулуксуз кылмыштары үчүн камакка алынгандар күрөө менен бошотулушу ыктымал экенин жазды.

2023-жылы Овсянников Европа Биримдигинин санкциялык тизмесинен ЕБ сотунун чечими менен чыгарылган. Сот анын мурда санкцияга кирген кызматты аркалабай калганы менен байланыштырган. Ал эми Британиянын тизмесинен чыгарылган эмес.

Орусия 2014-жылы Севастополь жайгашкан Крым жарым аралын мыйзамсыз аннексиялап алган. Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Крымдын аннексиясын мыйзамсыз деп тааныган. Мындай резолюцияны көпчүлүк өлкөлөр колдоп, 11и гана каршы болгон.

XS
SM
MD
LG